Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Байкоочу кеңеш: электр боюнча төлөм системасы инвестицияга терс таасир тийгизет


Экономика министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Алмаз Түлекеев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, 7-сентябрда төлөмдөрдү жокко чыгаруу сунушу өкмөткө жолдонду.

- Бул чечим инвестиция тартууга жана экономиканын өнүгүшүнө тоскоол болуп жатат. Кеңири талдоого алынбай эле кабыл алынган. Маселен, Ош облусунда 1000 кВ электр энергиясын колдоно турган чакан ишкана ачуу үчүн 3 миллиондон ашык сом төлөш керек, бул жагдай ишкерлерге чоң жолтоо да.

Быйыл августта Улуттук энергетикалык холдинг 1 КВ электр энергиясына кошулуу үчүн 3500 сомдой акча төлөө системасын киргизүү чечимин кабыл алган. Сентябрдын башында Отун-энергетикалык жөнгө салуу агенттиги анын базалык акысын бекиткен. Ага ылайык, “Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун электр түйүндөрүнө туташуу акысы 3 514,85 сом, «Ошэлектр» ишканасына 3 692,16 сом деп белгиленген. Экономика министрлигинин байкоочу кеңешинин маалыматы боюнча, мурда электр түйүнүнө кошулууга акы жок болчу. Жарандар майда жабдыктар үчүн гана “Бейформал төлөм” эрежеси боюнча акча берип келишкен. (NT)

XS
SM
MD
LG