Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:12

Казакстандын премьер-министрлигине Бакытжан Сагынтаев дайындалды


Бакытжан Сагынтаев
Бакытжан Сагынтаев

53 жаштагы Сагынтаевди премьер-министрликке казак парламентинин төмөнкү палатасы – Мажлис бүгүн бекитти. Президент Нурсултан Назарбаев да өз жардыгын чыгарды.

Казакстанда өкмөт кайрадан алмашып жатканы кечээ белгилүү болгон.

Анда президент Назарбаев мурдагы премьер-министр Карим Масимовду кызматтан алып, бирок аны кайра өлкөнүн атайын кызматы - Коопсуздук комитетинин төрагалыгына дайындаган болчу.

Жаңы премьер-министр Бакытжан Сагынтаев 1990-жылдардын башында жогорку окуу жайда окутуучулук кылып, ишкерлик менен алектенген.

Бийлик түзүмүнө 1998-жылы өтүп, облус акими, министрлик кызматтарда иштеген. Назарбаевдин “Нур Отан” партиясынын төрага орун басары болгон.

2013-жылдан бери премьер-министрдин биринчи орун басары кызматын аркалачу.

Казакстанда премьер-министрдин азыркы алмашуусу да мунай баасынын арзандыгынан улам киреше азайып, өлкө экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан учурга туш келди. (UE)

XS
SM
MD
LG