Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Иранда Сауд бийликтерине каршы демонстрациялар өттү


Ирандын борбору Тегеранда миңдеген адамдар Сауд Аравияга каршы жөө жүрүшкө чыкты. Алар Сауд бийлигинин бүгүн башталчу ажылык сапарды уюштурууда тиешелүү шарттарды түзбөгөнүнө нааразылык билдирүүдө.

Сауд Аравия Ирандын жарандары үчүн ажылык сапарга 64 миңге жакын орун берген. Бирок Иран быйыл май айында үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүлөрдөн соң жарандарын ажылыкка жөнөтпөй турганын жарыялаган. Ал сүйлөшүүлөрдө ажылыкка аттангандарга коопсуздугун камсыз кылуу шарттары каралган эле. Өткөн жылдын сентябрында Мекедеги зыярат учурунда түртүшүүдөн 2300дөн ашык адам өлгөн. Тегеран анын 464ү ирандыктар экенин бышыктап, Сауд Аравиясын уюштуруу иштериндеги шалаакылык үчүн айыптап келет.

9-сентябрдагы демонстрацияларда ирандыктар Сауд падышасын сындаган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Анда падыша Салман канга боёлгон кылыч кармап, башына АКШ желегин ороп, үстүнө Давиддин жылдызы бар Израилдин желеги түстүү көйнөк кийгизилгенин көрүүгө болот.

Алар “Чыккынчыларга өлүм” деп кыйкырып жатышты. Ирандын маалымат каражаттары мындай акциялар өлкө боюнча бардык аймактарда өткөнүн кабарлашты.

XS
SM
MD
LG