Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Facebook “Напалм кызы” сүрөтүн кайра жарыялады


Facebook социалдык тармагынын жетекчилиги “Напалм кызы” деп аталган сүрөттү өчүрүү тууралуу чечимин өзгөрттү. Бул Вьетнамдагы согуш учурундагы атактуу сүрөттү норвегиялык жазуучу Том Эгеланд өз баракчасына жарыялаган. Бирок социалдык тармак администрациясы сүрөттү “социалдык баракчанын жалпы стандарттарына каршы келет" деп өчүрүп салган. Ошондон кийин социалдык тармакка көптөгөн сындар айтылган эле. Аларга Норвегиянын премьер-министри Эрна Сульберг да кошулган болчу. Мындан соң Фейсбуктун жетекчилиги буга чейинки чечимин өзгөртүп, Том Эгеланддын баракчасындагы сүрөттү калыбына келтиргенин "Рейтерс" агенттиги жазып чыкты.

“Напалм кызы” деп аталган сүрөт 1964-1975-жылдардагы Вьетнамдагы согуш учурундагы абалды баяндайт. Анда напалм куралынан күйгөн кыздын сүрөтүн көрүүгө болот. Сүрөттү Пулитцер сыйлгынын ээси Ник Ут тарткан.

XS
SM
MD
LG