Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

Порошенко: Украинада Мамдумага шайлоо өтпөйт


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украинанын президенти Петро Порошенко өз өлкөсүнүн аймагында орус парламентине шайлоо өтпөй турганын билдирди. Порошенко мындай позицияны орус бийликтерине жеткирүүнү Тышкы иштер министрлигине тапшырды.

Орусия аннексиялап алган Крымда бүткүл Орусия сыяктуу эле парламенттик шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жарым аралдын аймагында шайлоо өткөрүлбөй турганын билдирген эле. Украин Жогорку Радасы эл аралык коомчулукту бул шайлоону тааныбоого чакырган.

Ал эми орус бийликтери болсо Крымдагы Мамлекеттик Думага шайлоо мыйзамдуу экенин айтышууда.

Орусия Крымды 2014-жылдын март айында референдумдун жыйынтыгында аннексиялап алган. Украина, АКШ жана Евробиримдик баштаган бир катар өлкөлөр бул референдумду тааныбай келет.

XS
SM
MD
LG