Кургак жана жылуу аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында 11-12-14-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
12-14-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29,
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,
Баткенде түнкүсүн +14...+19, күндүз +25...+30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +27...+32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, күндүз 13-18 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болот.