Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:46

Паралимпиада: кыргызстандык Арстанбек Базаркулов мелдешке чыгат


Риодо өтүп жаткан паралимпиадалык оюндарда бүгүн кыргызстандык Арстанбек Базаркулов мелдешке чыгат. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайтында кабарланды. Базаркулов жеңил атлетиканын бир түрү болгон салмоор таш ыргытуу боюнча күчүн сынайт.

Риодогу белгилүү Маракана стадионунда 7-сентябрда башталган паралимпиадалык оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышууда. Алар: пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов.

10-сентябрда пауэрлифтингчи Эсен Калиев мелдешке катышып, 54 кг салмакта бешинчи болду. (BkA)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG