Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын символу болгон сүрөт каарманы каза болду


АКШда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын символу болгон «Тайм-Сквердеги өбүшүү» аттуу сүрөттүн каарманы Гретта Фриман дүйнө салды. 92 жаштагы Фриман өпкө кагынынан улам 10-сентябрда көз жумду. Ал атактуу сүрөткө 21 жашында кокусунан тартылган. АКШга Жапониянын багынып бергенин уккан америкалыктар 1945-жылдын 14-августтунда Нью-Йорктогу Тайм-Скверге чыгышкан. Алардын арасында согуш учурунда медайым болуп иштеген Гретта Фриман да болгон. Көчөдө майрамдоо учурунда согуштун аяктаганына кубанган Жорж Мендонс аттуу моряк келип, Греттаны кучактап өпкөн. Бул учурду фотокабарчы Альфредом Эйзенштадт тартып алып, сүрөт дүйнөгө тараган.

Гретта Фриман Австрияда туулган. Анын ата-энеси Холокост учурунда каза болгон. Фримандын сөөгү Вашингтонго жакын жердеги Арлингтон улуттук көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG