Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Айт намазына байланыштуу автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилет


12-сентябрда Курман айтка карата Бишкектеги бир катар көчөлөрдө автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулат. Буга байланыштуу эртең менен Чүй проспектисинин Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү, Тыныстанов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Абдымомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки жери, Орозбеков көчөсүнүнЧүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Раззаков көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Бул күнү коомдук тартипти сактоого үч миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Эл көп жүргөн жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG