Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Өзбекстанда президенттикке талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталат


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Улугбек Абдусаломов билдирди. Анын айтымында, талапкерлерди каттоо 30-сентябрда башталып, 20-октябрда аяктайт. Өлкө бийликтерди шайлоого даярдыкты БШК жүргүзөрүн жана ал “ачык-айкын” өтөрүн билдирди.

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген. Өлкөнү 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун инсульттан улам каза болгону 2-сентябрда жарыяланып, 3-сентябрда жерге берилген.

Талдоочулар учурда президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министри Шавкат Мирзиёев мамлекет башына келиши мүмкүн экенин айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG