Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык аялдардын башын бириктирген “Айым” коомдук фонду 11-сентябрда Үркүндүн жүз жылдыгына байланыштуу атайын кече уюштурду. Ага отузга чукул кыз-келин катышты. Иш-чарада Үркүн курмандыктарына Куран багышталды жана жазуучу Касымалы Баялиновдун “Ажар” повестинен Ажардын монологу окулду.
Мындан тышкары экономист Элмира Мусуркулова каржылык сабаттуулук боюнча аялдарга мастер-класс өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган коомдун башчысы Шахрезада Аданова билдирди. Орусиянын баш калаасындагы “Айым” коомдук бирикмеси айына эки ирет жолугушуу уюштуруп, мигрант кыз-келиндердин көйгөйлөрүн талкуулап, проблемаларды чечүү жолдору боюнча кеп-кеңештерди берип турат. (BCh)