Кошмо Штаттарда жекшемби күнү 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардын курмандыктары эскерилүүдө.
Президент Барак Обама Пентагондогу эскерүү жыйынында сүйлөгөн учурунда америкалыктардын ар түрдүүлүгүн жогору баалап, аларды ич ара душмандашпоого чакырды.
АКШ 2001-жылдын 11-сентябрында өмүрү кыйылгандарды эч качан унутпай турганын да белгиледи:
- Биз эстейбиз жана бизден мыкаачылык менен алып кетишкен 3000ге жакын өмүрдү, анын ичинде бул жерде (Пентагондо) каза табышкан 184 адамды, балдарды унутпайбыз. Курмандыктардын эң кенжеси болгону үч жашта эле.
“Ал-Каиданын” согушкерлери төрт жүргүнчү учакты карактоо аркылуу жасаган террордук чабуулдардан кийин АКШ алгач Ооганстанга, андан кийин Иракка аскерлерин киргизген.
Бул эки өлкө террорчулардан, козголоңчулардан, согуштан али арыла элек.
Нью-Йоркто кайра курулган Дүйнөлүк соода борборунун жанында мындан 15 жыл мурдагы террордук чабуулдан курман болгондордун ысымдары окулду.
Ал жердеги эскерүү иш-чарасына президенттикке талапкерлер Хиллари Клинтон менен Дональд Трамп дагы келишти. (UE)