Бишкектеги УКМК имаратынын алдындагы автоунаа текшерилип, эч кандай шектүү зат табылган жок. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты. Буга чейин имарат алдындагы ээсиз турган унаа жана баштык шектенүү жараткан. Имаратка жакын көчөлөр жабылып, саперлер иштеген.
Бул боюнча УКМК расмий маалымат берген жок
Бүгүн Курман айтка байланыштуу өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.(BkA)