Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Аба ырайы


Чукул билдирүү:

Кыргызстандын аймагында 11-12-14-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

12-14-сентябрда жаайт деген нөшөргө байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

13-сентябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10..+15, күндүз +17...+22,

Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +15...+20,

Баткенде түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +22...+27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6...+11, күндүз +15...+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +16...+21 ,

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15, күндүзгү жогорку температурасы 18…20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG