Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Ооганстанда согушкерлер ооруканага кол салды


Кандагардагы оорукана чабуулдан кийин. 12-сентябрь, 2016-жыл
Кандагардагы оорукана чабуулдан кийин. 12-сентябрь, 2016-жыл

Ооганстанда ооруканага чабуул жасаган эки согушкер жок кылынды. Окуя бүгүн Кандагар шаарында болду.

Полициянын маалыматына караганда, согушкерлер ооруканада дарыланып жаткандардан кабар алуу үчүн келген Кандагар провинциясынын губернаторунун орун басарын бутага алууну көздөгөн.

Бул медициналык мекемеде негизинен согуштан жараат алган полиция жана аскер кызматкерлери дарыланат.

Азырынча бул кол салууга жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок соңку кезде Ооганстандын түштүгүндө талибдердин чабуулу күчөдү.

Учурда алар апийим өстүргөн Гилменд провинциясын ээлеп алуу жана Урузган провинциясынын борборун басып алуу максатында өкмөттүк күчтөр менен салгылашууда. (RK)

XS
SM
MD
LG