Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Беларуста активисттер кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда


Оппозициянын жыйыны.
Оппозициянын жыйыны.

Минскиде 12-сентябрда ондогон оппозициялык активисттер акцияга чыгышып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыктарын жана ал акыйкатсыз өткөнүн билдиришти. Алар кайрадан добуш берүү өткөрүү талабын коюшту.

Беларус БШКсы билдиргендей, 11-сентябрдагы шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 74 пайыздан ашууну катышты. 521 талапкердин 176сы оппозициячыл партиялардан көрсөтүлдү. Беларус парламентине соңку 16 жылдан бери алгачкы жолу оппозициянын эки өкүлү мүчө болуп кирди.

Буга чейин Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму Беларуста өткөн парламенттик шайлоону эркин эмес жана акыйкатсыз деп баалап, көптөгөн эл аралык шайлоо эрежелери бузулганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG