Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Евробиримдик: Беларус шайлоо системасы ар тараптуу реформага муктаж


Беларустагы шайлоо.
Беларустагы шайлоо.

Бул тууралуу 11-сентябрдагы парламенттик шайлоого байкоо салган Еврокомиссия өкүлү Майя Косьянчич билдирди.

- Эл аралык өнөктөштөр менен бирге шайлоо системасын ар тараптуу реформалоо зарылдыгын көрсөтөт. Беларус бийлиги бул маселени токтоосуз колго алат деп күтөбүз, - деди Косьянчич 12-сентябрда.

Беларус парламентине акыркы 20 жылда алгач ирет оппозициянын эки өкүлү кирди.

“Буга карабастан шайлоо эч бир эркин жана акыйкат өткөн жок”, деди “Азаттыкка” ЕККУнун байкоочу тобунун жетекчиси Кент Харштедт.

Парламенттеги калган көпчүлүк президент Александр Лукашенконун тилектештери.

Беларуста 1990-жылдан берки шайлоолор "эркин жана демократиялык нукта" өтпөгөнү үчүн сындалып келет.

XS
SM
MD
LG