Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:56

Шаардын Токтогул сейил багында ачык асман алдындагы китепкана ачылды. 12-ентябрда, Курман айт майрамында ачылган китепканага шаар жетекчилери жана жаштар катышты. Мындан сырткары демилгечилер алгачкылардан болуп өз китептерин китеп текчелерине тапшырышты.

Тарых жана маданият жылына карата “Инсан таануу” коомдук бирикмесинин демилгеси менен уюшулган көчө китепканасынын базасында адабий жана илимий китептерди таап окууга болот.

Буга чейин мындай китепкана Бишкек жана Ош шаарларында да ачылган. Уюштуруучулар жарандарды китеп окууга үндөп келишет. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG