Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Пакистанда Курман Айтта шиит мечитине кол салынды


13-сентябрдын таңындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде төрт полиция кызматкери жаракат алышты.

Синд провинциясындагы Шикарпур мечитине былтыр да Курман айтта кол салынып, 60тай киши мерт болгон.

Быйылкы теракт үчүн эч ким жоопкер боло элек. Былтыркы кол салууну “Лашкар-э-Жангави” экстремисттик тобу уюштурганын билдирген.

Пакистанда Курман Айт майрамы учурунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Жергиликтүү бийлик бүт аймактарга, өзгөчө мечиттердин кире беришине аскерлерди жана полицияны коюп, кайтарууга алышкан.

Карачи шаарында мечитке келген ар бир жаран текшерилүүдө

Пакистандын 180 миллиондой калкынын 90% ислам динин тутунат. Алардын 5% шиит мусулмандары.

XS
SM
MD
LG