Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

Таласта көпүрө кургандар айлыгын ала албай убара


Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 87-чакырымында көпүрө салып жаткан он чакты адам үч айдан бери аткарган жумуштары үчүн акысын толук алалбай жатышканын айтып, “Азаттыкка” кайрылды. Белгилүү болгондой, мунун айынан жергиликтүү тургундардан куралган жумушчу топ буга чейин иш таштоого барган.

Буга жооп кылып жол салган ишкана алардын ордуна башка кызматкерлерди жумушка алган болчу. Бирок алар да укугу тепселенип жатканын айтышууда. Маалыматка ылайык, узуну 18, туурасы 11 метр келген көпүрөнү “Кыргыз жол” компаниясы курууда. Аталган ишкана маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. (AlS)

XS
SM
MD
LG