Түркия Юстиция министрлиги 13-сентябрда Фетхуллах Гүленди камоо өтүнүчү менен АКШга расмий кат жөнөттү.
Анда Гүлен төңкөрүш аракетин уюштуруп, жетектөө менен 270 адамдын өлүмүнө себепкер делип, ал үчүн кармап, камоо керектиги айтылат.
Динаятчы Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери АКШда ыктыярдуу бозгунда жүрөт. Ал Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы жок экенин айтып келет.
Түрк өкмөтү Гүлен негиздеген “Хизмет” кыймылын террордук деп таап, аны менен тилектеш делгендерди камап же ишинен айдоодо.
Төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда миңдеген адамдар камалып, он миңдегени жумуштарынан айрылган. Алардын басымдуусу аскер кишилери.
Окуядан кийин түрк бийлиги дароо АКШдан Гүленди экстрадициялоону талап кылган. А Вашингтон ал үчүн далилдерди сураган. Кийинчерээк Түркия Юстиция министрлиги тийиштүү документтерди жөнөткөнүн, Вашингтон алганын билдирген болчу.