Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында, Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында бүгүн түштөн кийин "Тойота-Эстима" жана "Хово" үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, окуя болгон жерде "Тойота-Эстима" машинесиндеги он эки адамдын бешөө каза таап, жетөө жаракат алды.
Жол кырсыгы 2000-жылы туулган Атабек кызы Айгеримдин, Ош облусунун Кара-Суу райондук милиция кызматкери Эркин Кыпчакбаевдин, ошондой эле азырынча аты-жөнү белгисиз 25-30 жаштагы аялдын, үч айлык наристенин жана 6-7 жаштардагы бир баланын өмүрүн алды.
Жаракат алган жети адам Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген. Арасында жаш балдар да бар.
"Хово" оор жүк ташуучу унаасынын айдоочусу, Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну 31 жаштагы Мирлан Нусупов жаракат алган эмес. Укук коргоо органдары кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.