Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Нобель сыйлыгынын лауреаты качкын кыздарга билим берүүнү чечүүгө чакырды


Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай
Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай

Дүйнөлүк лидерлерге кайрылган Нобель сыйлыгынын ээси Малала Юсуфзай качкындар лагерлериндеги кыздардын билим алуусуна шарт түзүп, алардын жаш кезинен никеге же балдар эмгегине туш болушунан коргоого үндөдү.

Юсуфзайдын 13-сентябрдагы кайрылуусу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча биринчи саммитинен бир жума мурун жасалды. “Эмне үчүн дүйнөлүк лидерлер театрлаштырылган иш чараларга убакыт коротуп, бирок миллиондогон балдардын тагдырын өзгөртө турган бир нерсени чече албайт. Алардын коопсуз, тынч жана гүлдөгөн өлкө курууга потенциалы бар. Бирок билимсиз аны кура албайт” деп белгиленген кайрылууда.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги дүйнөдө 21,3 миллион качкын бар деп эсептейт. Алардын жарымы балдар. Качкындардын көпчүлүгү Сирия, Ооганстан жана Судан жарандары. Малала Пакистанда кыздардын билим алышы үчүн күрөшүп, 2012-жылы 15 жашында өмүрүнө кол салынган. 2014-жылы ага Нобель сыйлыгы ыйгарылып, бул сыйлыктын эң жаш ээси болуп калган. (AiT)

XS
SM
MD
LG