Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Талашка түшкөн комитет төрагалыгына эки талапкер көрсөтүлөт


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына КСДП фракциясынан Асел Кодуранованын, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Тынчтык Шайназаровдун талапкерлиги көрсөтүлмөй болду. Мындай чечим көпчүлүк коалициянын лидерлери өткөргөн жабык жыйында кабыл алынды. Комитет төрагасын шайлоо эртең, 15-сентябрда каралат.

Бүгүн КСДП лидери Иса Өмүркулов Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинде жана жогоруда айтылган комитеттин төрагасын шайлоодо көпчүлүк коалиция бир пикирге келе албай жатканын айтып, буга “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын айыптап, аларга коалициядан чыгып кетүүнү сунуштаган.

Өз кезегинде Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” коалициядан чыкпай тургандыгын айтса, Бакыт Төрөбаев кагаз жүзүндө бар, иш жүзүндө жок коалициянын тагдырын сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуштаган.(UEz)

XS
SM
MD
LG