Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 12:57

Михаил Горбачев ден соолугуна байланыштуу Прага сапарын токтотту


Михаил Горбачев

85 жаштагы Горбачев 16-18-сентябрда Прагада боло турган Европадагы коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга катышууну көздөп жаткан. Конференциянын уюштуруучуларынын билдирүүсүнө караганда, дарыгерлер Горбачевдун саламаттыгына байланыштуу жолго чыкпоону сунушташкан. "Горбачев" фондунун маалымат кызматы 13-сентябрда Михаил Горбачев сыркоолоп калганын, бирок 14-сентябрда кадимки режимде иштеп жатканын кабарлады. Михаил Горбачев эл аралык конференциянын башкы коногу болуп, Чехия президенти Милош Земан менен жолугушу керек эле. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG