Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Түркмөн президентинин мөөнөтү узарды


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөнстан Конституциясын өзгөртүп, Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийликтеги мөөнөтүн узартты. Эми президент беш жылга эмес, жети жылга шайланат. Мындан сырткары президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектеген берене да жокко чыкмай болду.

Түркмөнстандын парламенти жана Аксакалдар кеңеши жаңы Конституциянын редакциясын жактырары менен аны ишке киргизе турган мыйзамга президент Бердымухаммедов кол койду. Мамлекеттик басылмалар залдагылар ордунан туруп, кол чаап колдогонун кабарлады.

“Конституциянын жаңы редакциясы улуттук укуктук системанын тиреги жана мыйзамдуулуктун, жарандардын эркиндиги менен укуктарынын кепилдиги болот”,-деп жазат Түркмөнстандын "Кабар" агентиги.

Конституциядагы өзгөрүүлөргө ылайык, президенттин мөөнөтү беш жылдан жети жылга узарды. Жашы жетимиштен ашкан талапкерлерге коюлган чектөө да алып салынды.

59 жаштагы президенттин каалашынча шайлана беришине 70 жаштык чектөө гана жалгыз тоскоолдук болчу.

Бозгундагы түркмөн оппозициясынын өкүлү, Түркмөн республикачыл партиясынын башчысы Нурмухаммед Ханамов эми президенттин бийлигинде чек жок дейт:

- Конституциянын өзгөрүшү менен Бердымухаммедов өмүр бою президент болуп калат. Алгач президенттин кайра-кайра шайланышына жол ачылды. Андан кийин 70 жаштык чектөө алынды. Булардын баарынын башкы максаты - түбөлүккө президент болуу. Мындай Конституция мамлекеттин да, Бердымухаммедовдун да беделине шек келтирет.

Түркмөнстанды дээрлик он жылдан бери башкарып келаткан Бердымухаммедов ушуну менен экинчи жолу Конституцияны өзгөртүп жатат. Соңку өзгөртүүлөрдү иштеп чыккан комиссияны президент өзү жетектеген.

Венадагы түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин.
Венадагы түркмөн укук коргоочусу Фарид Тухбатуллин.

Август айында түркмөн президенти менен жолуккан немис канцлери Ангела Меркель Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр боюнча Венеция комиссиясы менен кеңешүүнү сунуштаган эле.

Венада жайгашкан “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” укук коргоо уюмунун башчысы Фарид Тухбатуллин сунуштар көз жаздымда калганын айтат:

- Албетте, айрымдар адам укуктары жаатында жакшы жылыштар бар деп жатышат. Мисалы, Акыйткатчы институту түзүлөт. Бирок ал акыйкатчы көз карандысыз болот дегенге эч кепилдик жок. Европа коопсуздук, кызматташтык уюму 70тен ашык беттен турган сунуштарын берген эле. Бирок алар эске алынган жок окшойт.

Гурбангулы Бердимухаммедовдун президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктайт. Ал дүйнөдөгү эң жабык жана тыкыр көзөмөлдөнгөн өлкө деп эсептелген Түркмөнстанды 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери башкарып келет. Бул өлкөдө бир дагы шайлоону эл аралык байкоочулар оң баалаган эмес.

Ошентип Түркмөнстан бул жылы президенттин бийлигин бекемдеген Борбор Азиядагы экинчи өлкө болуп калды. Ага чейин Тажикстан да Конституциясын өзгөртүп, президент Эмомали Рахмондун президенттик жарышка өмүрүнүн аягына чейин катышуусуна жол ачкан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG