Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Дарыгер Хиллари Клинтондун илдети тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарды


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун штабы 14-сентябрда аны дарылаган дарыгердин аныктамасын, анализдерди жарыялады. Маалыматка караганда, Клинтон "пневмониянын жеңил, жугуштуу эмес” түрүнө чалдыккан. Ал азыр антибиотик курсу менен дарыланууда жана сакайып бара жатканы, саламаттыгы жакшы экени айтылды.

Хиллари Клинтон өзүнүн саламаттыгына байланышкан кептерге чекит коюу үчүн дарыгерлердин маалыматын жарыялаган. Ал 11-сентябрда Нью-Йоркто 2001-жылдагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүү учурунда өзүн жаман сезип, иш-чарадан кетүүгө аргасыз болгон. Эскерүүгө келгендер тартып алган видеолордо Клинтон автомашинага жакындаганда тең салмактуулугун жоготуп койгону көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG