Шанхай кызматташтык уюму Балыкчыда өткөрүп жаткан террорго каршы эл аралык машыгууга 2000дей аскер адамдары жана 300 аскердик техникалар катышууда.
Бүгүн башталган “Тынчтык миссиясы-2016” деп аталган аскердик машыгууларга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын өкүлдөр келишкен.
Машыгуулар 21-сентябрга чейин уланат.
Шанхай кызматташык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.