Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 10:44

АКШнын демократиялык партиясынын президенттик талапкери Хиллари Клинтон Украинанын президенти Петро Порошенко менен жолугат. Клинтондун шайлоо өнөктүгүн жүргүзгөн топтун билдиришинче, жолугушуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынынын алкагында өтөт.

Украинанын расмийлери Порошенко менен жолугушуу өтүнүчү Клинтон менен катар республикачылардын талапкери Дональд Трапмка да жөнөтүлгөнүн, бирок бул чакырууну демократтардын талапкери гана кабыл алганын кабарлашты.

Республикачылардын талапкери Трапм буга чейин Орусиянын президентти Владимир Путинди бир нече ирет кубаттап чыккан. Анын бул аракетин Клинтон айым “коркунучтуу” деп сыпаттаган. (KKs)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG