Советтик диктатор Иосиф Сталиндин Орусиянын Сибирь аймагындагы айкелин жергиликтүү бийлик алып салышы мүмкүн.
Сургут шаарында Сталинди урматтагандар бейшемби күнү диктатордун бюстун ачышкан. Шаардык бийликтин өкүлү бул айкел 1930-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликтин жанына мыйзамсыз тургузулганын билдирди.
“Бюст мыйзамсыз тургузулган деген чечим чыгат окшойт. Андай болсо айкел алынып салынат” , - деди шаардык бийликтин басма сөз өкүлү Екатерина Швидкая.
Сургут - Сталиндин доорунда кулакка айдалган жүз миңдеген адамдар жөнөтүлгөн аймактардын бири. Алардын укум-тукумдары дале бул аймакта жашап жатат. (KKs)