Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 17:27

Европа соту Украинанын бийликтен четтетилген президенти Виктор Януковичке, анын уулу Александрга жана президенттик администрациянын мурунку башчысы Андрей Клюевге киргизилген санкцияларды жарым- жартылай колдоду.

Аталган адамдар акчанын изин жашыруу жана финансылык кылмыштар боюнча киргизилген Европа Биримдигинин санкцияларына каршы доо арыз беришкен. Бул санкциялар мурдагы украин президентинин Европа банктарындагы каражаттарын камакка алат.

Европанын башкы соту 2015-жылдын март айынан 2016-жылдын март айына чейинки санкцияларды колдоду. Бирок 2014-жылкы санкциялар Европа биримдиги жетиштүү далилдерди бербегендиктен жокко чыгарылды. (KKs)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG