Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкекте КМШга мүчө өлкө башчыларынын саммити башталат


Ага Кыргызстан, Орусия, Армения, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Беларус президенттери катышат. Бүгүн күндүн биринчи жарымында КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болот. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, түштө "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мамлекет башчылар жыйынга чогулат. Саммитте КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланат. Кечээ түнү КМШ саммитине катышуу үчүн Бишкекке Беларус президенти Александр Лукашенко келип, аны “Манас” аба майданында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Ал эми Өзбекстан президентинин милдетин аткарууга киришкен Шавкат Мирзиёев саммитке келбей турганы маалым болгон. Анын ордуна Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов катышмакчы.

Учурда Кыргызстан КМШга төрагалык кылып жатат. Шериктештик 1991-жылы түзүлгөн. Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык маарекесине туш келүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG