Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:56

Кыргызстандык кыз эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда коло байге алды


Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен литвалык Ауксе Руткаускайте. 15-сентябрь, 2016-ж. Тбилиси. Грузия.
Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова менен литвалык Ауксе Руткаускайте. 15-сентябрь, 2016-ж. Тбилиси. Грузия.

Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Грузиянын борбору Тбилисиде өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпиондугунда кыздар арасында эркин күрөштөн коло байге тагынды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Жуманазарова 65 килограммга чейинкилер арасында 15-сентябрда күч сынашкан. Алгачкы беттешинде беларустук Ханна Садченкону 10:2 эсебинде утуп алган. Чейрек финалда жапониялык Мива Морикава менен таймашып 4:0 эсебинде жеңилип калган. Жапон балбан кызы финалдык таймашка чыккандыгы үчүн Жуманазаровага жооткотуучу беттешке чыгууга шарт түзүлүп, бул таймашта түркиялык Асил Хасан Демирди 11:1 эсебинде жеңди

3-орун үчүн күрөштө литвалык Ауксе Руткаускайте менен таймашып, атаандашына бир дагы упай алууга мүмкүнчүлүк бербей 10:0 эсебинде таза жеңишке жетип коло медалдын ээси болду.

Бул күнү 56 килограммга чейинки салмакта Дайана Жакып кызы да алгачкы беттешинде мексикалык Моника Солиске 4:7 эсебинде жеңилип мелдештен четтетилди.

16-сентябрда Назира Марсбек кызы (52 кг), Айбике Артыкалы кызы (60 кг) жана Айпери Медет кызы (70 кг) байге үчүн таймаштарга чыгат. Спорттук күрөш боюнча кыздар арасындагы дүйнө чемпиондугу 18-сентябрга чейин уланат.

Алдыда эркектер арасында эркин күрөш боюнча таймаштар бар. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандардын арасынан Акжол Махмудов (69 кг.) алтын медаль тагынса, Жоламан Шаршенбеков (54 кг.) менен Эрбол Бакиров (58 кг.) коло байгенин ээси болушкан. (ECh).

XS
SM
MD
LG