Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Текебаев Атамбаевди дагы ондогон гектар жерлерди ээлеп алган деп айыптады


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди дагы ондогон гектар жерлерди, көп кабаттуу үйлөрдү ээлеп алган деп айыптады. Бул тууралуу бүгүн парламентте фракция жыйынында билдирди.

- Текебаев Акаевдин учурунда Эмен багынан тилке ээлеп алган деп сөз кылып жатышат. Ал жердеги тилкелер Атамбаевдин досу – Кулматов мэр болуп турган кезде сатылган. Мен бир квадрат метрди да басып алган эмесмин. Атамбаев ондогон гектар жерлерди, кеңсеге ылайыкташкан көп кабаттуу имараттарды ээлеп алган. Жазуучулар союзунун 50 миллион сомун алып алганы тууралуу далилдер бар. Заводду (“Автомаш” – ред.) металлоломго сатты,- деди Текебаев.

Депутат мамлекет башчы Атамбаев мурдагы президент Бакиевдин уулу Максимдин жолун жолдоп калганын белгиледи.

Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Анын маалыматында 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Атамбаев Текебаевдин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.

XS
SM
MD
LG