Автоунааларга өзгөчө номур алгысы келгендер үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы онлайн аукцион өткөрөт. Cатык nomer.srs.kg сайтында жүрөт.
Маалыматка караганда, 21-22- жана 28-сентябрда үч этапта өтө турган аукциондо 37 комплект номур сатылат.
Каалоочулар бирдей сан жана бирдей тамгалар жазылган номурларды сатып алса болот. Аукциондогу эң арзан баштапкы баа 4500 сомдон башталса, эң кымбатынын алгачкы баасы 70 миң сомдон.