Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Бишкек мэри Текебаевдин сөзүн “акылга сыйбагандык” катары сыпаттады


Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

Бишкек мэри Албек Ибраимов депутат Өмүрбек Текебаевдин айткандарына жооп кайтарып, жер ээлеп алуу боюнча президентти жана өзүн айыптоону акылга сыйбаган көрүнүш катары сыпаттады. Калаа башчысынын 16-сентябрда тараткан билдирүүсүндө Текебаев өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин жаап-жашыруу максатында башкаларды күнөөлөп жаткан болушу ыктымалдыгы жазылат.

Ибраимов жер тилкеси боюнча Текебаев айткандай мыйзам бузуулар жок экенин, депутат жалаа жапканы үчүн жооп бериши керектигин белгиледи жана сотко кайрыларын билдирди.

Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын куруп, президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы “Дастан” заводуна караштуу жерди басып алып, үй курду деп айыптап чыккан. Анын маалыматында 2008-жылы Бакиевдер мыйзамсыз менчиктештирген бул жер тилкесин былтыр Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимов алгач өзүнүн аялына, андан соң Атамбаевге каттатканын жарыялаган.

Атамбаев Текебаевдин айткандары боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясында өткөн жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ибраимова Атамбаевге 2,7 гектар жерди 33 миллион сомго сатканын, баары мыйзам чегинде жүргөнүн билдирди.

Бирок "Атамекенчилер" "Дастан" заводу стратегиялык объект болгондуктан, ага таандык жерди сатуу туура эместигин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG