Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Кыргызстанга Азербайжан президенти Илхам Алиев келди


Атамбаев менен Алиевдин жолугушуусу, 30-март, 2012-жыл.
Атамбаев менен Алиевдин жолугушуусу, 30-март, 2012-жыл.

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжан президенти Илхам Алиев бүгүн Бишкекке келди. Жогорку мартабалуу коноктуу “Манас” эл аралык аэропортунан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Кечээ түнү Беларус президенти Александр Лукашенко келген.

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат.

Учурда Кыргызстан КМШга төрагалык кылып жатат. Шериктештик 1991-жылы түзүлгөн. 16-17-сентябрга белгиленген Бишкек саммити уюмдун 25 жылдык маарaкесине туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG