Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Мирзиёев Өзбекстан президенттигине талапкер болуп катталды


Шавкат Мирзиёев.
Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын либерал-демократтар партиясы Шавкат Мирзиёевди президенттикке талапкер катары көрсөттү. Мындай чечим партиянын саясий кеңешинин жыйынында кабыл алынганы тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянып, “Интерфакс” кабарлады.

Өзбекстандын туңгуч мамлекет башчысы Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 4-декабрга белгиленген.

59 жаштагы Мирзиёев азыр президенттин милдетин аткаруучу болуп иштейт. 2003-жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри болуп эмгектенет.

XS
SM
MD
LG