Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Путин кечиккенинен улам КМШ саммити эки саатка жылдырылды


Орусия президенти Владимир Путин кечигип жатканына байланыштуу Бишкектеги КМШ саммити эки саатка жылдырылды. Саат 16:00гө белгиленген расмий жыйын кечки саат алтыда башталмай болду.
Путиндин учагы начар аба ырайына байланыштуу кечигип жатканы кабарланды. Башка коноктор Бишкекке келишти.

КМШ өлкө башчыларынын Бишкек саммитинде негизинен терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери каралары расмий кабарланган.

16-17-сентябрга белгиленген саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат. Коноктордун алды бейшембиден тарта келе баштаган.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылып жатат.

XS
SM
MD
LG