Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Порошенко: Орусия Крымды “концлагерге” айлантты


Украинанын президенти Петро Порошенко форумда сүйлөп жатат.
Украинанын президенти Петро Порошенко форумда сүйлөп жатат.

Украинанын президенти Петро Порошкенко Орусияны Крымды “концлагерге” айлантып салганын айыптап, Батыш мамлекеттерин Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.
Жыл сайын өтүүчү Ялтада европалык стратегияны талкуулаган форумда (YES) сүйлөп жатып Порошенко Орусия жарым аралды 2014-жылдын март айында аннексиялап алгандан бери Крымдагы Украинанын жарандарына, анын ичинде крым татарларына каршы “репрессивдик саясат” жүргүзүп жатканын айтты.

Порошенко АКШ, Евробиримдик Орусияга анын Украинанын чыгышындагы жаңжалга кийлишүүсү үчүн киргизилген санкцияларды узартып, тиешелүү тармактарга багытталган жаңы санкцияларды киргизүүнү сунуштады.

- Жаңы санкцияларды киргизүү зарыл, биз мындай чектөөлөрсүз эч нерсеге жете албайбыз,- деди Порошенко.

Минск макулдашуусунун ишке ашуусу тууралуу айтып жатып, президент Орусия өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатканын билдирди.

Порошенко ошондой эле реформалар тууралуу сөз козгоп, Украинанын сот системасын "коррупциялык уюктун акыркы калдыгы" деп атоо менен 200 жаңы судья дайындаларын маалымдады.

XS
SM
MD
LG