Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

КМШнын мааракелик саммити аягына чыкты


16-сентябрь, Бишкек
16-сентябрь, Бишкек

Анда мурда кабарлангандай, КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу боюнча он беш келишимге кол коюлду.

Саммитке катышкан президенттер жана өкүлдөр булардын ичинде 2020-жылга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдө эл каттоо жүргүзүү, 2017-жылды “Үй-бүлө жылы”, 2018-жылды “Шериктештиктеги маданият жылы” деп жарыялоого макулдугун беришти. Ошондой эле 2017-2019-жылдары шериктештиктин алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү программасын кабыл алышып, 2016-2020-жылдарда маалыматтык технологиянын күчү менен жасалып жаткан кылмыштарга каршы күрөштө кызматташтыкты арттырууну чечишти.

КМШнын 25 жылдык мааракелик саммити 16-сентябрда Бишкекте өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан Кыргызстандагы элчи катышты.

КМШ уюмуна келерки жылы Орусия төрагалык кылат, ал эми уюмга мүчө мамлекет башчыларынын келерки саммити 2017-жылы, 11-октябрда Москвада өтөт.(UEz/ZKo)

XS
SM
MD
LG