Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кадр кызматы: Мэрдин декларациясы сайтка жарыяланган эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик кадр кызматынын кирешелерди декларациялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Ибраева билдирди. Анын ырасташынча, Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун кирешеси тууралуу декларациясы жарыялана элек болчу.

Гүлнара Ибраева "Албек Ибраимовдун кирешеси тууралуу декларациясы сайттан алып салынды" деген маалыматтарды жокко чыгарды:

- Муниципалдык кызматкерлердин киреше декларациясы сайтка илине элек. График боюнча ал маалыматтар кийинки аптадан баштап, тагыраак айтканда 22-23-сентябрдан тарта илине баштайт. Учурда маалыматтар даярдалууда.

16-сентябрда Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан жергиликтүү бийлик ээлеринин жана мэрлердин кирешеси тууралуу маалыматтар жоголгону кабарланган. Ал эми башка мекемелердин башчыларынын жана министрлердин кирешеси тууралуу маалыматтар сайтта ачык илинип турат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин түштүк жагынан 2,7 гектар жерди басып алып, үй куруп жатат деп айыптаган эле. Текебаевдин сөзү боюнча, ал жер мурда Максим Бакиевге таандык болгон, апрель окуясынан кийин улутташтырылган. 2015-жылы 7-майда Бишкектин азыркы мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага катталып, кийинчерээк Алмазбек Атамбаевге сатылган. Мамлекеттик каттоо кызматы Ибраимова ал жерди 2015-жылы 12-майда Атамбаевге 33 млн сомго сатканын маалымдады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG