Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШ Крымдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт


Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби билдирди:

- Биздин позициябыз белгилүү: жарым арал Украинага тиешелүү. Орусия Крымды Украинага кайтарып бермейинче, Орусияга каршы киргизилген санкциялар күчүндө кала берет.

Кирби Крымды “Орусия тарабынан басылып алынган аймак” деп атады.

АКШ Мамдепартаменти Крымдагы теги татарлардын макамына жана жарым аралдагы адам укуктарынын бузулуп жатканына кабатырлыгын билдирүүдө.

18-сентябрда Орусия аннексиялап алган Крымда да Мамдумага шайлоо өтөрү күтүлүүдө. Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин жарым аралдын аймагында шайлоо өткөрүлбөй турганын билдирген эле. Украин Жогорку Радасы эл аралык коомчулукту бул шайлоону тааныбоого чакырган. Ал эми орус бийлиги болсо Крымдагы Мамлекеттик Думага шайлоо мыйзамдуу экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG