Тротил деп аталган жардыргыч заттын изин француз эксперттери 19-майда кыйраган учактын калдыктарынан табышты. Француз Le Figaro гезитинин маалымдашынча, тротилдин изи кайдан пайда болгону белгисиз, тергөөчүлөр кошумча экспертиза жүргүзүлөрүн айтышууда. Ошондой эле маалыматта кошумча экспертиза жүргүзүүгө Египет бийлиги жолтоо болуп жатканы айтылат.
EgyptAir компаниясына таандык А320 учагы 19-майда Жер ортолук деңизине кулап түшкөн. Кырсыктан учактагы 66 киши набыт болгон. Кыйроонун себептеринин ичинде терракт, техникалык мүчүлүштүк жана экипаждын катачылыгы сыяктуу версиялар бар.