Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 01:36

Женго деген каймана ат менен белгилүү болгон кримтөбөл Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү А. У. аттуу 32 жаштагы адам зордуктоого шектелип кармалды. Ош шаардык ИИБ маалымдашкандай, кармоо учурунда ал өзүнө бычак саярын айтып коркуткан. Ошондой эле өзүнө бензин куюп, өрттөөгө аракет кылган учурда милиция кызматкерлери кармап калышкан. Кармоо учурунда ал милиционерлерди опузалап, "бир нече жыл мурда киши колдуу болгон Толкунбек Шоноевдин тагдырын кайталап калышыңар мүмкүн" деп коркуткан.

Крим чөйрөдө Кытай деген ат менен таанымал А.У. мурда да бир канча беренелер боюнча соттолуп, алты жолу сот залынан бошотулган. Бир жолу Ош шаардык соту аны шарттуу түрдө эркинен ажыраткан. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG