Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Волейбол: Кыргызстан дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарын улантат


Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна борбордук зонада тандоо оюндарын утту. Оюн 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы спорттук- ден соолукту чыңдоочу борборунда өттү. Борбордук зонада ойноого Мальдив, Бангладеш жана Кыргызстан командалары катышкан. Түркмөнстан жана Ооганстан курамалары мелдештерге келген эмес. Алгачкы беттешинде кыргыз волейболчулары 3:0 эсебинде утуп алышкан.

Экинчи турда Бангладеш менен Мальдив командаларынын оюну 3:1 эсебинде аяктады. 3-турда Кыргызстан менен Мальдив курамалары ойноп, үч партияда тең кыргыз волейболчулары жеңишке жетип, дүйнө чемпиондугуна экинчи тандоо оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Кийинки айлампада Азия чөлкөмүнүн беш мыкты курамалары Австралия, Жапония, Иран, Кытай жана Корея курамалары мелдештерге катышат. Волейбол боюнча 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгү Болгария жана Италияда өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG