19-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +24...+29,
Баткен облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...32,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн ++9...+14, күндүз ++19...+24,
Нарын дубанында түнкүсүн +2...+7, күндүз +21...+26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз +6..+11 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн 14…16, күндүз +28…+30 градуска чейин жогорулайт.