Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

"Алай" - "Дордой" Кыргызстандын кубогунун финалында беттешүүдө


Ушул учурда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун финалдык беттеши өтүүдө. Башкы олжо үчүн Бишкектин "Дордой" менен Оштун "Алай" командалары ойноп жатат. Учурда оюндун биринчи бөлүгү аяктады. Азырынча эсеп ачыла элек.

Аталган командалар буга чейин 2013-жылы да финалда беттешип оюндун негизги бөлүгүндө 1:1 эсебинде тең ойноп, пенальти тебүүдө 4:2 эсебинде "Алай" оюнчулары жеңишке жетишип, алгачкы жолу Кыргызстандын кубогун утушкан.

Кыргызстандын кубогуна арналган оюндар 1992-жылдан бери жыл сайын Топ лига жана Биринчи лигада ойногон клубдар арасында өткөрүлүп келет. Бул кубокту Кыргызстандын тарыхында эң көп - жети жолудан СКА-ПВО жана "Дордой" клубдары уткан.(ECh)

XS
SM
MD
LG