Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:13

Берлиндеги регионалдык шайлоодо социал-демократтар алдыга чыкты


130 орундуу Берлин парламентине 21 партиядан 927 талапкер ат салышты.
130 орундуу Берлин парламентине 21 партиядан 927 талапкер ат салышты.

Жекшембиде Германиянын башкалаасы Берлиндин парламентине шайлоо өттү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, оңчул “Германия үчүн альтернатива” партиясы добуш берүчүүлөрдүн 12 пайызына ээ болду. Шаардын мэри Михаэл Мюллер башында турган Социал-демократтар партиясы 23 пайыздан ашуун добуш топтоду. Ал эми канцлер Ангела Меркелдин Христиан-демократтар союзу жана “Жашылдар партиясы” ар бири 18 пайыздан добуш топтой алышты.

Оңчул “Германия үчүн альтернатива” партиясы ушуну менен онунчу аймактык парламентте өз ордун камсыздай алды. Бул деген азыркы Берлин парламентиндеги коалиция –Социал –демократтар менен Меркелдин партиясы көпчүлүк добушка ээ болбой калганын билдирет.

Deutsche Welle агенттигинин маалыматына ылайык, 130 орундуу Берлин парламентине 21 партиядан 927 талапкер ат салышты.

XS
SM
MD
LG