Аксы райондук акимчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери бүгүндөн тарта жумушка чыгып, иштей баштады.
22-августта Үңкүр-Тоодогу телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция кызматкерин калтырып, ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды өз аймагында мыйзамсыз иштеп жүрөт деген жүйө менен кармап кеткен эле. Алар 8-сентябрда бошотулган. Коңшу мамлекет милиция кызматкерлерин кечээ толук чыгарып кетти.
Үңкүр-Тоодо Кыргызстандын радиорелейлик станциясы жайгашкан. Өзбекстан бул аймакты өзүнө таандык деп эсептейт. Бирок кыргыз тарап ал жер тактала электигин айтып келет. Жергиликтүү эл телемунара орун алган аймак Кыргызстанга тиешелүү экенин билдиришүүдө. (NT)